Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:04

Президент Транзиттик борборду чыгаруу тууралуу мыйзамга кол койду


"Манас" аба майданы
"Манас" аба майданы
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн "Манас" аба майданындагы Транзиттик жүк ташуу борбору боюнча макулдашууну денонсациялоо жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Ага ылайык, өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 2014-жылдын 11-июлуна чейин АКШнын өкмөтүнө келишимдин жокко чыгарылганын кабардар кылышы зарыл.
Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш 20-июнда кабыл алган болчу.

“Манастагы” аба майданындагы Транзиттик борбор тууралуу жана ага байланышкан кандайдыр бир объекттер жана кыймылсыз мүлктүн түрлөрү жөнүндөгү кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга 2009-жылы 22-июнда кол коюлган. Бул макулдашууну денонсациялоо боюнча мыйзам долбоорун өкмөт парламентке бир ай мурун жөнөткөн.

Транзиттик борбор аркылуу НАТОнун Ооганстандагы антитеррордук операциясына катышкан учактар тейленет. "Манас" аба майданын ижарага алганы үчүн АКШ өкмөтү Кыргызстанга жылына 60 миллион доллардан ашык каражат төлөп келген.(BkA)

XS
SM
MD
LG