Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

Алиев: Азербайжан аскерин кубаттандыра берет


Армения менен Тоолуу Карабак чатагы жөнгө салынмайынча, Азербайжан армиясын кубаттандыра берет. Бул жөнүндө президент Илхам Алиев бүгүн Бакыда болгон аскерий парад учурунда билдирди. Анын айтышынча, 2003-жылы өлкөнүн аскердик бюджети 163 млн доллар болсо, азыр 3, 7 млрд. долларга тете. "Ал эми Армениянын улуттук бюджети 2 млрд доллардын тегерегинде болот", - деди президент Алиев.

Армениянын коргоо министри Сейран Оганян бүгүн Ереванда сүйлөп, өлкөнү Азербайжандын армиясын кубаттандырып жатканы тынчсыздантканын айтып, Армения үчүн Орусия менен кызматташуу өтө маанилүү экенине өзгөчө көңүл бурду. Ошондой эле Армения “региондогу жарыша куралданууга кошулбасын” баса белгиледи.

Армян калктуу Тоолуу Карабак Бакынын амирин тааныгандан баш тарткандан улам 1990-жылдардын башында Азербайжан-Армения ортосунда согуш чыгып, ошондон бери ортодогу мамиле начар.

XS
SM
MD
LG