Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Зулушев: Депутаттар мыйзамдуу акталган


Судья Курманкул Зулушев депутаттардын иши боюнча сот өкүмүн окуп жатат. Бишкек, 17-июнь, 2013.
Судья Курманкул Зулушев депутаттардын иши боюнча сот өкүмүн окуп жатат. Бишкек, 17-июнь, 2013.

“Ата-Журттун” депутаттарын актаган Бишкек шаардык сотунун судьяларынын бири Курманкул Зулушев “Азаттыкка” ооруканада жаткан жеринен маек курду.

“Азаттык”: Башкы прокуратура “атажуртчу“ депутаттарды актаган сот процесси тууралуу протокол өз мөөнөтүндө жөнөтүлгөн жок деген доомат коюп жатат. Алгач ушул тууралуу комментарий бере кетесизби?

Курманкул Зулушев: Алар ушундай билдирүү жасап атканын мен ММКдан билдим. Негизинен мыйзам боюнча 5 күндүн ичинде протокол менен таанышып, аларды катчылар жазгандыктан тууралыгын текшерип, өз ойлорубузду жазып кол коёбуз. Мен протоколго ушул биринчи күнү кол коюп бердим. Протокол өтө калың, көлөмү чоң иш. Ошону тигип тапшыргыча түшкө чейинки убакыт кетип калды. Прокуратуранын өз убагында алалган жокпуз деген дооматы негизсиз. Алар алып, чечимге макул эмес болсо аны билдирет, анын баары мыйзамда каралган. Өкүмдү берүүдө, протоколду жазууда эч кандай мыйзам бузуу болгон жок.

Биз бул өкүмдү чыгарууда мыйзамдын гана талабын сактадык. Биз эч кандай ушактарга, саясий боёкторго көңүл бурбашыбыз керек.

“Азаттык”: Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын камактагы депутаттарынын соту качан бүтөт, кандай өкүм чыгат деп коомчулуктун бүйүрү кызып турган. Шаардык соттун өкүмүнөн кийин пикирлер экиге бөлүнүп калды. Бир жагы “мыйзам үстөмдүгү орноду, сот адилеттигин көрсөттү”, десе, экинчи тарабы “бул кайсы бир басым-кысымдын негизинде кабыл алынган чечим болду” деп сындап жатат. Мисалы соңку сот процессте өкүм 24дө угузулат деп, бирок сот залында айрым адамдар ызы-чуу салганда ушундай чечим чыгарганга аргасыз болду дешет. Ушул өкүм тууралуу өз оозуңуздан уксак.

Курманкул Зулушев: Ооба, өкүм эки ойду жаратып жатат. Биз бул өкүмдү чыгарууда мыйзамдын гана талабын сактадык. Биз эч кандай ушактарга, саясий боёкторго көңүл бурбашыбыз керек. Биздин максат кылмыш иштин ичиндеги материалдарга жана соттук териштирүүдөгү аныкталган кылмыш фактыларына гана баа берүү. Соттук териштирүүнү өзүңүздөр деле көрүп турдуңуздар. Ал жакта тең укуктуулук принциби сакталды. Бардык тараптардын жүйөөлөрүн уктук. Ошонун негизинде биз баа бердик.

Мен коомчулукка түшүндүрүп коюшум керек, Конституцияга ылайык, судья өзү кабыл алган чечим боюнча эч кимге түшүндүрмө бербейт, мындайча айтканда, мыйзам ага тыюу салат. Бирок коомчулукта ушундай жагдай түзүлүп жатканына байланыштуу мен кыскача айтып коюшум керек.

Биз бул өкүмдү чыгарганда эч кандай басым болгон эмес. Өзүбүздүн судьялык милдетибизди мыйзамдын талабы боюнча аткарып, аныкталган фактылардан улам ушундай чечим кабыл алдык. Бизди буга байланыштуу коркутуп-үркүтүү болгон жок.

Бул жерде соттолуучуларга коюлган: бийликти күч менен басып алуу, бийликти күч менен кармап туруу деген 295-берене боюнча кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу биз аларды актадык. Ал эми 297чу, бийликти басып алууга чакырык жасоо деген берене боюнча да айып угузулган. Ал берене боюнча Башкы прокуратура жоопко тартуу тууралуу Жогорку Кеңештеги депутаттардын үчтөн экисинин макулдугун алышы керек болчу. Ошондуктан биз Конституциянын талабы боюнча кылмышты өндүрүштөн кыскарттык. Эгер ушундай макулдук алынбаса, биз ага юридикалык баа бере албайбыз.

Эми соттук отурум 24нө жылды деп жарыяланып, бирок ошол эле күнү угузулганы боюнча айта кетейин. Ооба, биз эмки процессти 24нө деп жарыялаганбыз. Жарыялап чыгып кеткенден кийин сот залындагы бөтөлкө, бут кийим ыргыткан ызы-чуулардан улам, жаңжал чыкпасын, соттор атайлап ушинтип атат деген сөз болбосун, сот системасына көө жабылбасын деген ойдо биз процессти кайра улантууну чечтик. Акыркы сөздөрүн угуп, өкүмдү ошол күнү чыгардык. Өкүмдө бардык нерсе жазылуу, биз аны тараптардын баарына бергенбиз.

“Азаттык”: Сиздердин чечимиңиздерге байланыштуу бир топ божомолдор айтылып жатат. Мисалы судьялар соттолгондордон 300 миң доллар алган, же болбосо, Жалал-Абадда митингге чыккандар Ташиевдер акталып чыкпаса кайра жол тосулат деп талап койгондо жогору жактан көрсөтмө болгон деген сөздөр аралап жүрөт.

Курманкул Зулушев: Дагы бир жолу тактап айтып коеюн, биз бул өкүмдү чыгарганда эч кандай басым болгон эмес. Өзүбүздүн судьялык милдетибизди мыйзамдын талабы боюнча аткарып, аныкталган фактылардан улам ушундай чечим кабыл алдык. Бизди буга байланыштуу коркутуп-үркүтүү болгон жок. Жогору, же дагы башка жактан эч кандай көрсөтмө болгон жок.

Конституцияга ылайык, судья өзү кабыл алган чечим боюнча эч кимге түшүндүрмө бербейт, мындайча айтканда, мыйзам ага тыюу салат.

“Соттор 300 миң доллар пара алды” деген сөздөр ошондо эле тараган. Чынында биринчи күндөрү бул сөз катуу тийди. Биз өкүм чыгарган адамдардын баары саясаттагы адамдар, лидерлер. Биз эгер ошол акчаны алып, соодалашууга бара турган болсок бул эртеби-кечпи баары бир чыгып калат. Аны мезгил өзү таразалайт, далилдейт. Азыр мен алдым-албадым десем, ишенип-ишенбегендер болот. Мен Кудай алдында, мыйзам алдында акмын.

Сот чечимине бир тарап сөзсүз нааразы болот. Экинчи тарап сүйүнүп кетет. Мындай сөздөрдү бул эле эмес, башка дагы көптөгөн соттук териштирүүлөрдө угабыз.

“Азаттык”: Ушул ишти караган соттук коллегиянын үчүнчү мүчөсү өзгөчө пикирде калыптыр. Бирок актаган чечимден башка пикирин ошол өкүм чыккан күнү эмес, эртеси, бир күндөн кийин билдирди деген маалымат айтылып жүрөт. Өзгөчө пикирде калышынын башкы себеби эмнеде болду?

Курманкул Зулушев: Экинчи инстанцияда ишти үч судьядан турган коллегия карайт. Мыйзам талабы боюнча өзүнчө бөлмөдө отурганда, баяндоочу судья болот. Ар бири өз оюн, чечимин айтат, бирок чечим добуш берүү менен чечилет. Ал чечимге макул болбогон судья өзүнүн өзгөчө пикирин жазып, конвертке салып чаптап, тиркеп коюшу керек. Бирок бул эч жерде жарыяланбашы керек болчу. Мыйзам боюнча аны бир гана Жогорку Сот окуп-билиши керек.

Кесиптешибизде өзгөчө пикир болгон. Аны жазып конвертке салып тиркеди. Анда эмне жазылды, эмне максатта андай кылды аны мен түшүндүрүп бере албайм. Ал айтылбай турган нерсе эмне себептен чыгып кеткенин да билбейм.

“Азаттык”: Актаган өкүм чыккандан кийин эле, судьялар коркутуп-үркүтүүгө кабылганы маалым болду. Чындап эле коопсуздугуңуздарга коркунуч жаралган учур болдубу?

Курманкул Зулушев: Коркунуч жаралды. Биз, берки судья Сатиев менен ошол учурда эле көптөгөн маалымат каражаттарга интервью берип айткан элек, бирок эмнегедир аны жаңылыктардан кайра уга албадык.

Өкүм угузулгандан кийин эртеси күнү күндөгүдөй эле жумушта отурсак, түштөн кийин элдер топтолуп жатат, арасында спортчу, чымыр денелүү балдар да жүрөт, Ала-Букадагы судьядай сүйрөп чыгып жазалайбыз деген сөздөрдү айтып жатат деп маалымдашты. Мен жумуштан арткы эшик менен чыгып кеткенге аргасыз болдум. Мен Сокулукта жашайм. Үйүмө баргычакты, ошол сотто топтолгон, ызы-чуу кылган адамдар тобу менден биринчи үйүмө жетип барышыптыр. Шаарда жашаган судьянын да дарегин табышыптыр. Бизди ушул нерсе, үйүбүздү дароо тапкан факт аябай таң калтырып жатат. Өзүбүздүн эле жетекчибиздин эки күндөн бери жумушта жок деп маалымат таратып жибергени да түшүнүксүз. Болгону 18и күнү бир жарым саат жок болдук.

Эртеси күнү үйгө барсам уят сөздөрдү жазып, беш-алты номуру жок машина үйдү курчап алыптыр. Үйдө үй-бүлөм коркуп отуруптур. Мен үйгө эки-үч саат кире алганым жок. Алар кеткенден кийин үй-бүлөмдү коопсуз жерге алып барууга аргасыз болдум. Үч-төрт күн баарыбыз үйгө бара алганыбыз жок. Эртеси күнү жумушка келсек “Мекен шейиттери”, “Айкөл-Ала-Тоо ” дегендер топтолду дешти. Плакаттарды жазып алып эшиктин алдында турганын көрүп имаратка кире албадык. Түшкө жуук келсек, түштөн кийин келсе да турушуптур, аргасыз ошол күнү жумушка кире алганыбыз жок.

Эртеси, 20-июнда эртең менен жумушка келдик. Андан кийин да эки-үч күн биздин абал кооптуу болду. Өкүмдү бүтүрүп, протокол жазып эки күн иштедик. Башында айткандай, протокол жазуу чоң процесс. Кан басым жогорулап, ден соолук начарлаганына байланыштуу ооруканага жатууга аргасыз болдум.

“Азаттык”: Сиздердин өкүмгө каршы чыгып жаткан адамдардын дооматтары канчалык жүйөөлүү деп ойлойсуз?

Принципиалдуу өзүнүн милдетин так аткарып, акты ак, караны кара деп өкүм чыгара турган күн келди. Эми бардык жаңы келген соттор ушундай жагдайда, эч кимдин кийлигишүүсү жок чечим чыгарат деген ойдомун.

Курманкул Зулушев: Дагы бир жолу айтып коёюн, мыйзам боюнча судьялар чыгарган чечими тууралуу отчет берүүгө милдеттүү эмес. Ал эми нааразы болуп жаткан адамдар кылмыш иш боюнча эч кандай тарап эмес, жабырлануучулар, же айыпталуучулар да эмес. Эмнеге келишти, кандай талаптарды койгону тууралуу мен комментарий бербей эле коёюн. Биз чыгып алардын алдында отчет бергенге милдеттүү эмеспиз. Эгер алар кызыкса, биздин чечимди алып окушсун. Көзөмөл органдар бар, алар карайт, кыскасы баары өз жолу менен кетиши керек.

“Азаттык”: Азыр да коопсуздугуңузга коркунуч бар деп эсептейсизби?

Курманкул Зулушев: Соңку эки-үч күндөн бери эч нерсе билинген жок. Дарыланып жатам. Үй-бүлөм коопсуз жерде. Ооруканадан чыккандан кийин, ден соолук жакшы болсо буюруса ишке барам. Биз эгер жаңылбасам, 20сында шаардык милицияга, прокуратурага арыз жазганбыз. Негизи биз мыйзам боюнча мындай органдарга кайрылууга милдеттүү эмеспиз. Бирок судьяларга чыгарган чечимине байланыштуу коркунуч жаралса, факт боюнча иш козголуп териштирилиши керек болчу. Бизден арызды күтүштүн кажети жок.

“Азаттык”: Сиз менен чогуу актаган өкүм чыгарган судья учурда Жалал-Абадда жашырынып жатканга аргасыз болууда деген да сөз тарады.

Курманкул Зулушев: Мен дагы, берки Сатиев дагы үй-бүлөсүн коопсуз жерге кетирген. Бирок экөөбүз тең Жалал-Абадга барганыбыз жок. Дем алыш күндөрү биз чогуу болдук. Кооптуу жагдай түзүлгөнүнө байланыштуу бирге болдук.

“Азаттык”: Учурда сот системасын реформалоо иштери аяктай элек. Сотторго карата терс пикир басымдуулук кылаары жашыруун эмес. “Атажуртчу” депутаттардын сотунан улам да сот адилетсиздиги деген доомат айтылды.

Курманкул Зулушев: Сот реформасы эки жылдан бери жүрүп жатат. Азыр райондук соттор калды, башкаларынын баары тандалып бүттү. Бүгүнкү биздин чечим ошол реформанын жыйынтыгы деп ойлойм. Принципиалдуу өзүнүн милдетин так аткарып, акты ак, караны кара деп өкүм чыгара турган күн келди. Эми бардык жаңы келген соттор ушундай жагдайда, эч кимдин кийлигишүүсү жок чечим чыгарат деген ойдомун.

XS
SM
MD
LG