Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Брюсселде Евробиримдиктин эки күндүк саммити өз ишин баштады


Саммиттин башкы темалары Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн экономикалык абалы, жаштар арасындагы жумушсуздуктун болуп көрбөгөндөй өсүшү болмокчу. Грецияда жана Испанияда жаштардын жарымынан көбү жумушсуз калууда. Аларды колдоо боюнча түрдүү долбоорлорго 6 миллиарддай евро бөлүнүшү мүмкүн.

Саммитте каралчу дагы бир маселе - Хорватиянын Евробиримдикке кириши. 1-июлдан тарта Хорватия Евробиримдиктин 28-мүчөсү болушу күтүлүүдө. Евробиримдиктин лидерлери блокко Сербиянын кошулун да талкуулашат.

Апрелде Сербия менен өзүн өзү 2008-жылы эгемен деп жарыялаган Косовонун ортосундагы мамилелердин нормалдашуусу боюнча келишимге кол коюлган. Бирок серб бийликтери дагы деле Косовонун көз карандысыздыгын тааный элек. (AiK)

XS
SM
MD
LG