Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:39

Египеттин президенти мамлекет кризиске кептелиши мүмкүндүгүн айтты


Египеттин президенти Мохаммед Мурси өлкөдө толкундоолор токтобосо, мамлекеттик институттар иштебей калуу коркунучунда экенин сыналгы аркылуу кайрылуусунда айтты.

Ал арада анын каршылаштары жаңы митингдер боло турганын эскертишти. 30-июнда Мурсинин президент катары ант бергенине туура бир жыл толот.

Жаңы демонстрацияларды утурлай өлкө бийликтери айрым шаарларга аскер бөлүктөрүн киргизүүдө. Шаршемби күнү Мансур шаарындагы кагылышуулардан эки адам набыт кетти.

Исламчыл президентти анын каршылаштары реформаларды баштабаганы, экономиканын алсызданышы үчүн күнөөлөшүүдө. Шаршемби күнкү сөзүндө Мурси бир нече ката кетиргенин мойнуна алып, өлкөдөгү ар кандай саясий күчтөрдүн лидерлерине сүйлөшүүнү сунуштады. (AiK)

XS
SM
MD
LG