Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:59

Федерер жана Шарапова Уимбилдондо жеңилди


Уимбилдон турниринин экинчи айлампасында украиналык теннисчи Сергей Стаховский дүйнөнүн биринчи ракеткасы Роджер Федерерди жеңди. Бул күтүүсүз жеңилүүгө чейин швейцариялык теннисчи “Чоң шлемдин” 36 турниринде чейрек финалга чейин жеткен. Акыркы жолу Федерер финалдык сегизге 2004-жылы French Open турниринде кире албай калган.

Стаховский болсо дүйнөлүк рейтингде 116-орунду ээлейт. Бирок ал “Чоң шлемдин” 17 титулунун ээси, Уимбилдондун жети жолку жеңүүчүсүн ута алды.

Аялдар арасында өткөн трунирде да күтүүсүз жаңылык – үчүнчү ракетка Мария Шарапова 131-орунда турган португалиялык Мишел Ларчер Де Бритодон жеңилди.

Эки күн мурун турнирдин эки жолку чемпиону Рафаэл Надал биринчи турда эле оюндан чыкты. (AiK)

XS
SM
MD
LG