Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:40

Акыйкатчы реанимацияга жаткырылды


Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун учурда президенттин иш башкармалыгына караштуу атайын оорукананын реанимациясында жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" акыйкатчынын жардамчысы Сүйөркул Сейдинов билдирди. Анын айтымында, Турсунбек Акун парламенттин фойесинде кетип баратып эс-учун жоготуп жыгылган.

Бүгүн парламентте акыйкатчыны кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси кызуу талкууланып жатат. Депутаттар аны "криминалдык чөйрөнүн лөгү" делген Азиз Батукаевдин түрмөдөн чыгып кетишине, айрым каржылык мыйзам бузууларга тиешеси бар жана Жапонияга иш сапары учурунда ошол жакта сөз сүйлөп, кыргыз бийликтерин жамандаганы үчүн айыптоодо. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG