Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

Беларуста иш таштоону чагылдырган журналисттер кармалды


Бүгүн Минск шаарында соодадагы жаңы эрежелерге каршы жеке ишкерлердин иш таштоосун чагылдырган журналисттер кармалды.

Алардын арасында "Эркин Европа/Азаттык" үналгыснынын кабарчысы Игорь Карней, “Народная воля” гезитинин кабарчысы Алесь Сивый жана tut.by порталынын журналисти Наталья Костюкевич бар. Акциянын уюштуруучуларынын бири, “Перспектива” ишкерлер бирикмесинин лидери Анатолий Шумченко да камалды.

Документтер текшерилген соң журналисттер коё берилди, бирок Шумченко дагы деле полиция бөлүмүндө кармалууда.

Беларус ишкерлери Бажы Биримдигиндеги жаңы эрежелерге каршы чыгууда. Ишкерлердин пикиринде, жаңы эрежелер алардын бизнесин кыйратат. Жаңы эрежеге ылайык, 1-июлдан тарта жеңил өнөр жай буюмдарын саткан ишкерлер сапат боюнча сертифакат алышы зарыл.

Беларус соода министрлиги толкундоолордон этияттанып, жаңы эрежелердин киришин келерки жылга калтырды. Ага карабай ишкерлер бир күндүк иш таштоо уюштурду. (AiK)

XS
SM
MD
LG