Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

Ысык-Көл районунун өкүлдөрү Караколдо митинг өткөргөнү баратат


Ушу тапта Ысык-Көл районунун өкүлдөрү облус борбору Каракол шаарында митинг өткөргөнү жөнөп баратат. Облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакуновдун "Азаттыкка" айтымында, алардын жалпы саны 60-70 киши. Үч бус жана 5 жеңил унаа менен баратышат. Ал эми акциянын уюштуруучулары митингчилердин саны 200дүн тегерегинде экенин айтууда.

Алар Караколго барып Жети-Өгүз районунун жаштарына аймакта туруктуулукту сактоо, жаңыдан башталып келаткан туристтик сезонду үзгүлтүккө учуратпоо өтүнүчү менен кайрылуу жасайт.

Кечээ Жети-Өгүздө нааразылык акциясына чыккан жаштар тобу Кумтөр алтын кени боюнча инвестор менен макулдашууну жокко чыгарууну жана өкмөттүн облуска жаңы дайындалган өкүлү Эмилбек Каптагаевди кызматтан кетирүүнү талап кылган. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG