Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:56

Үч апталык Tour De France жарышы бүгүн Корсикада башталат


Дүйнөдөгү эң атактуу Tour De France веложарышынын мааракелик 100чү мелдеши бүгүн Корсика аралында башталат. Порто-Веччио шаарчасынан чыккан велосипедчилердин жарышы үч аптага созулуп, мөрөй Парижде аяктайт. Тур де Франстын былтыркы жеңүүчүсү британиялык Брэдли Уиггинс быйылкы мелдешке ден соолугуна байланыштуу катышкан жок.

Америкалык спортсмен Лэнс Армстронг француздардын “Ле Монд” гезитине берген интервьюда өзүн дале Тур де Франстын чемпиону эсептээрин, кызытма колдонбой бул мелдеште жеңүү мүмкүн эмес экенин айтты.

Лэнс Армстронг 1999-2005-жылдардагы Тур де Франстын жеңүүчүсү. Бирок, кызытма колдонгонун мойнуна алгандан кийин, эл аралык федерация анын чемпиондук наамын алып койгон.

XS
SM
MD
LG