Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:56

Аксыда мамлекеттик чек ара тосулууда

Жалал-Абаддын Аксы районунда мамлекеттик чек араны бетон устундар жана тикенек зымдар менен тосуу башталды. Бул тууралуу райондун акими Медет Айдаралиев билдирди. Анын айтымында, аныкталган жайлардын жүздөй метрине 20-30 чакты бетон устундар орнотулду.

Чек араны тосуу ишине чек ара аскерлери жана Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн тургундары болуп жүздөй киши катышууда. Ушул тапта аталган айыл өкмөттүн Торук айылынын тушундагы чек ара тилкеси тосулууда. Андан соң Кербен шаарчасынын тегереги тосмолоно баштайт. Аксыда кыргыз-өзбек чек арасынын такталбаган 11 жери бар. (YA)
XS
SM
MD
LG