Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Юстиция тармагы өкмөт башчынын карамагына өттү


Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин жардыгына ылайык, премьер-министр жана вице-премьер-министрлердин айрым милдеттери жана көзөмөлдөгөн тармактары өзгөрдү.

Ага ылайык, Коопсуздук, тартип жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов караган юстиция маселелери өкмөт башчынын, ал эми каттоо кызматы Экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин карамагына өттү.

Өкмөт жетекчилери арасындагы милдеттерди бөлүштүрүү боюнча ушул жылдын 20-мартындагы жардыкка өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу кечээ жаңы жардык чыкты. (AKu)

XS
SM
MD
LG