Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:14

Египетте көп эл катышкан демонстрациялар болот деп күтүлүүдө


Бүгүн Египет президенти Мохамед Мурсинин бийликте отурганына бир жыл толот. Аны утурлай өлкөдө Мурсинин кызматтан кетүүсүн жана жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылган демонстрациялар болот. Армиянын жетекчилиги непада чоң башаламандык чыгып кетсе, жагдайга кийлигишүүгө даяр экенин эскерткен.

“Тамарод” кыймылынын айтышынча, Мурсини президенттиктен кетүүгө чакырган 22 миллион кол топтолгон. Оппозиция Мурсини демократиялык реформа жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарды, бийликти “Мусулман агайындер” кыймылына өткөрүп берди, экономиканы жандандыра албады, элдин жашоо стандартын төмөндөтүп жиберди деп күнөөлөөдө.

Мурси президентиктен кетпесин билдирген. Өткөн аптада антиөкмөттүк тополоңдор башталгандан берки кагылыштарда сегиз адам, анын ичинде бир америкалык курман болду.

XS
SM
MD
LG