Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

Адил Тойгонбаев Алматыда кармалып, кайра бошотулду


Мурдагы президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевди Алматы шаарында казак полициясы кармап, кайра койо берди. Бул маалыматты “Азаттыктын” казак кызматына Алматы шаардык ички иштер департаменти тастыктады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын өтүнүчү менен эл аралык издөө жарыялаган Тойгонбаев жума күнү уулуна документ алуу үчүн Алматыдагы тейлөө кызматына келген учурда кармалган. Бирок полиция бөлүмүндө эки сааттай көрсөтмө берген соң бошоткон.

Полициянын түшүндүргөнүнө караганда, Тойгонбаев буга чейин да бир нече ирет кармалып, койо берилген. Себеби ал казак жараны болгондуктан Кыргызстанга өткөрүлүп берилбейт.

Мурдагы президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевге Кыргызстанда "алдамчылык”, “ири өлчөмдө мүлктү уурдоо”, “салыкты жашыруу" беренелери боюнча кылмыш иш козголуп, эл аралык издөө жарыяланган. (BkA)

XS
SM
MD
LG