Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:33

БУУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн алдында нааразылык акциясы өтөт


Бүгүн БУУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн алдында нааразылык акциясы өтөт. Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров аталган уюм кыргыз-өзбек чек арасында өлтүрүлгөн кыргыз жараны боюнча алар тараптан эч кандай реакция жасалбай жатканына нааразылыгын билдирет. Бул жолу ал үстүнө кара кездеме жамынып, өлгөн адамдай болуп жатаарын “Азаттыкка” кабарлады.

Токтонасыров буга чейин бир нече жолу кыргыз жаранын өлтүргөн өзбек чек арачыларын жазага тартууга жана Өзбекстандан каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө материалдык компенсация төлөтүүгө жардам берүүнү суранып келген. 19-июнда Баткендин Гүлпиян айылында Өзбекстандын чек арачылары 37 жаштагы Бакыт Тагаевди атып өлтүргөн. Өзбек тарап бул окуяда чек арачынын күнөөсү жок деп эсептейт, бирок Кыргызстандын расмий органдарынын айтымында, Тагаевди өзбекстандыктар 500 метр ичкери кирип келип өлтүргөн. (RK)

XS
SM
MD
LG