Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Лопес Түркмөнстанда адам укуктары бузулаарын билген эмес


Америкалык белгилүү эстрада ырчысы жана актриса Женнифер Лопес Түркмөнстанда адам укуктары бузуларын билгенде, өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун туулган күнүнө арналган концертке катышмак эмес. Мындай билдирүүнү ырчынын өкүлү жасады.

Билдирүүдө концерт саясий эмес иш-чара болгону, аны кытай мунай корпорациясы каржылаганы баса белгиленет.

Айрым маалыматтар боюнча Жениффер Лопеске анын концертке катышкандыгы үчүн миллион доллар төлөнгөн.

Адам укуктарын коргогон Human Rights Watch эл аралык уюму Түркмөнстанды дүйнөдөгү эң репрессивдүү режимдердин катарына киргизген (AiK).

XS
SM
MD
LG