Балдарды кырсыктан сактоого арналып, ушул тапта Бишкекте өтүп жаткан жыйында айтылгандай, бүгүнкү күндө өлкөдөгү мектеп, бала бакчалардын дээрлик 90 пайызы коопсуздук эрежелерине жана техникалык нормаларга туура келбейт.
Мындай имараттар капиталдык оңдоого жана инженердик-техникалык жактан толугу менен жаңылоого муктаж. Айрымдарын таптакыр сүрдүрүп салып, ордуна жаңысын тургузуу зарылдыгы бар деп белгиленген атайын жүргүзүлгөн иликтөөдө.
Бала бакчалар менен мектеп имараттарынын абалын баалоо ЮСАИД жана ЮНИСЕФ сыяктуу эл аралык уюмдардын колдоосу менен кыргыз өкмөтү тарабынан жүргүзүлгөн. Жалпы жонунан 806 бала бакча, 2 222 мектептин абалы текшерилген.(ZKo)