Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:15

Спорт журналисттери кесиптик майрамын белгилешүүдө


Спорт журналисттеринин эл аралык майрамы Кыргызстанда да белгиленет. Буга байланыштуу бүгүн спорт журналисттери боулинг мелдешин уюштурушууда.

Кыргызстанда спорт журналисттеринин федерациясы 1995-жылы “Азаттыктын” кабарчысы Кабыл Макеш тарабынан түзүлгөн. 1991-жылы Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет “Байге” аттуу кыргыз, орус тилдеринде спорттук гезит жарык көргөн. Кийинчерээк “Спортивный Кыргызстан” аттуу гезит чыгып, каражаттын тартыштыгынан токтоп калган. Ушул тапта “Топ.kg” жана “Sport.kg” аттуу басылмалар жана интернет сайттар иштейт.
Спорт журналисттеринин Эл аралык федерациясы 1924-жылы түзүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG