Орусиянын президенти Владимир Путин Ирандын мөөнөтү бүтүп жаткан президенти Махмуд Ахмадинежадга Москвадагы газ-экспорттоочулардын форумуна катышканы үчүн ыраазычылык билдирди. Анда орус президенти “Орусия менен Иранда табигый газдын запасы көп. Бул багытта биздин кызыкчылыктарыбыз окшош”,-деди.
Ахмадинежад эки өлкө “мунай, газ тармагынан баштап илим, технология боюнча кызматташтыкты кеңейтүү зарыл" экенин айтып, бул үчүн Иранда эч кандай каршылык жоктугун билдирди. Тегеран Орусияга жаңы өзөктүк электростанцияларды курууга көмөктөшүүгө даяр экенин да убада кылды.
Июндун аягында Ирандын атом энергиясы боюнча мекемеси Бушердеги өзөктүк электростанцияга кошумча дагы үч подстанция курганы жатканын кабарлаган.