Райондогу активисттердин маалыматы боюнча бүгүн таңга жуук милиция жарандык активисттер менен кошо Бишкек-Торугарт жолунун курулушун жүргүзүп жаткан кытайлык ишкананын базасына барган.
Текшерүү учурунда ишканада мыйзамсыз иштеп жаткан кытайлык мигранттар бар экени аныкталып, алардын үстүнөн акт түзүү учурунда кытайлык жумушчулар милиция менен коопсуздук кызматынын кызматкерлерине кол тийгизип, тасмага тартып жүргөн камераны сындырышкан.
Кочкор райондук милициясы бул маалыматты жарым-жартылай тастыктады. РИИБи башчысы Турсунбек Талиповдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча мушташ болгон жок. Анын айтуусунда, кытайлык жумушчулар милициянын талаптарына баш ийбегени үчүн аларды РИИБге алып келип, акт түзүлгөн.
Бишкек-Торугарт жолун реконструкциялоону Кытайдын China Road ишканасы жүргүзүлүп келе жатат.(TSh/ZKo)