Соңку кабарларга ылайык, Венада токтотулган Боливия президенти Ево Моралестин учагынан Эдвард Сноуден табылган жок.
Испан бийликтери өз аба мейкиндиги аркылуу учууга уруксат бергенден кийин текшерүүдөн өткөн Моралестин учагы Вена аба бекетинен учуп кетти.
Боливиялык расмий өкүлдөрдүн айтымында, АКШнын мурдагы чалгын кызматкери "Сноуден болушу мүмкүн" деген шек менен Моралес Москвадан учуп келаткан учакка бир катар европалык мамлекеттер өз аба мейкиндигин кесип өтүүгө тыюу салган.
Вице-президент Алваро Карсиа Линера Вашингтонду «учакты кармоого буйрук берди» деп айыптады.