Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:06

Бишкек-Каракол жолу ачылды


Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Раимбек Имангазиев билдирди. Анын айтымында, кечээ кечинде район жетекчилиги нааразылык акциясына чыккандар менен сүйлөшүп жолду ачууга макул кылган.

Жол буугандар Бишкек ШИИБ тарабынан кармалган төрт кишини бошотууну талап кылган. Маалыматтарга ылайык, 1-июлга караган түнү Ысык-Көлдө топ киши милицияга кол салган. Аларды 2-июлда Бишкекте шаардык ИИБнын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери кармап, камакка алышкан. Мындан соң алардын жакындары кечээ Бишкек-Каракол унаа жолун Чолпон-Ата шаарынын тушунан бууган болчу. Кылмышка шектелгендер шаршемби күнү кечинде Ысык-Көл райондук милициясына алып келингени да кабарланууда.(BkA\MK)

XS
SM
MD
LG