Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктен маалымдашкандай, форум 13-14-сентябрда Бишкекте өтөт.
Ал жок болуп бара жаткан илбирстерди коргоо жаатында жергиликтүү жана дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу максатын көздөйт. Учурда форумга кыргыз өкмөтү менен Дүйнөлүк банк биргелишип даярдык көрүүдө. Ага илбирс байырлаган 12 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, илбирстерди сактоо боюнча атайын декларация кабыл алынмакчы. Ошондой эле форумга белгилүү кино актер Харрисон Форд, атактуу теннисчи Роджер Федерер сыяктуу илбирсти сактоо боюнча активисттер да чакырылып жатат.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 20 жыл мурун миңге жакын илбирс бар болсо, азыр алардын 300дөйү калган.(BkA)