АКШнын президенти Барак Обама аскерий жетекчиликтин аракетине терең тынчсызданганын, Вашингтон өлкөдө бийлик эртерээк демократиялык жол менен шайланган жарандык өкмөткө өткөрүлөрүнө ишенерин билдирди. АКШ Египетке көрсөтчү жардамды кайрадан карап чыгараарын да кошумчалады.
Сауд Арабиянын королу Абдулла болсо Египеттин убактылуу лидери болуп дайындалган Конституциялык соттун төрагасы Адли Мансурду куттуктады. Перси булуңундагы Катар жана Бириккен Араб эмиратынын жетекчилиги да Мурсинин бийлигинин токтотулушун колдоого алды. Ал эми эки жылдан бери жарандык согуш уланып жаткан Сириянын президенти Башар Асад Египеттеги окуяны саясий исламдын жеңилиши деп баалады.
Кечээ кечинде Египеттин армиясы президент Мухаммед Мурсинин бийлигин токтотуп, чукул шайлоо жарыялаган.