Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:50

“Каркыра” кыймылы Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүн текшерүүнү талап кылууда


Кыймылдын мүчөлөрү Кубанычбек Жумалиев өкмөт башында жана башка мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеп турган учурда өзү жана тууган-уруктары аркылуу менчикке чыгарып алган мүлкүн кайтарып берүүгө тийиш деп эсептешет. Бул тууралуу “Каркыра” кыймылынын өкүлү Абдраим Касымов журналисттерге билдирди.

Кыймылдын өкүлдөрү мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда кызмат абалынан пайдаланып, менчиктеп алган мүлкүн Жумалиев кайра мамлекетке кайтарып берүүсүн, анын мүлкүнө текшерүү жүргүзүүнү мамлекет башчыдан, Башкы прокуратурадан, ИИМден жана УКМКдан талап кылышууда.

Бул айыптоолор боюнча Кубанычбек Жумалиев эч кандай маалымат бере элек, аны менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Кубанычбек Жумалиев качып кеткен президент Аскар Акаевдин тушунда облус губернаторлугунан тартып, министр, өкмөт башчы болуп иштеген. Жумалиев саясий чөйрөдө Акаевдин аспиранты катары айтылчу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG