Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:05

Президент Эво Моралес Боливияга учуп жетти


Боливиянын президенти Эво Моралес анын учагында америкалык качкын Эдвард Сноуден бар деп, маршрутун өзгөртүрүүнү Латын Америкасына каршы провокация деп атады.

Эво Моралес Венада 14 саат кармалып, таңга жуук Ла-Паска учуп келер замат жасаган билдирүүсүндө, кээ бир Европа мамлекеттери АКШга көз каранды болбоого тийиш деди. Боливия өкмөтүнүн билдиришинче, Франция, Испания жана Португалия аба мейкиндигин жаап койгондуктан, Моралестин учагы аргасыз Австрияга конгон. Боливия өкмөтү АКШны бул окуянын артында турат деп күнөөлөдү.

Түштүк Америка мамлекеттерин UNASUR союзу Эво Моралес менен болгон окуяны “душмандык жана адилетсиздик” деп сыпатташты жана маселени он эки өлкөнүн бүгүн чакырылган кезексиз жыйынында талкуулашат.

Эдвард Сноуден АКШнын Улуттук коопсуздук кызматтынын жарандарды электрондук көзөмөлдөө боюнча жашыруун программасын ашкере кылган жана азыр Москвада жашырынууда. Президент Обама Сноуденге баш паанек берилсе, баасы кымбат болорун эскерткен.

XS
SM
MD
LG