Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Аба ырайы: сел жүрүшү мүмкүн


Синоптиктердин билдирүүсү боюнча, 5-8-июлда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүүсү мүмкүн.
5-июлда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүзү 22...27 градус ысык болот. Талас облусунда түнкүсүн 10..15, күндүзү 21...26 градус ысыйт. Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 13...19, күндүзү 24...30 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 9...14, күндүзү 17...22 градус ысыйт, Нарында түнкүсүн 6...11, күндүзү 19...24 градус жылуу болот. Тоолордо түнкүсүн 0...5, күндүзү 4...9 градуска жылыйт.

5-июлда Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 14...16, күндүзү 24...26 градус ысык болот.

XS
SM
MD
LG