Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:12

Пакистанда өлүм жазасына мораторий жоюлду


Пакистандын жаңы өкмөтү өлүм жазасына мораторийди токтотту. Ички иштер министрлигинин өкүлүнүн билдиришинче, өкмөт өлүм жазасына тартылгандар “өз баасын алууга тийиш” деп чечти жана аларга эч кандай мунапыс берилбейт. 2009-жылы мурдагы өкмөт кезде президент Асиф Али Зардари өз жардыгы менен өлүм жазасына тартууга убактылуу мораторий жарыялаган. Анын мөөнөтү 30-июнда бүткөн. Эл аралык мунапыс уюму Пакистан өкмөтүнүн кадамына “айран калганын” билдирип, премьер-министр Наваз Шарифти өлүм жазасына мораторийди тез калыбына келтиргенге чакырды. Адам укугун коргоочу уюмдун эсебинче, Пакистанда азыр жогорку жазага тартылган 8 миңден ашуун адам бар. Алардын көбүнүн доо арызынын мөөнөтү бүткөндүктөн, токтоосуз атылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG