Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:03

Ош: Исмаиловдун иши сотко өттү


“Уш садоси” гезитинин башкы редактору, адам уурдоого катышы бар деп шектелген Махмадсоли Исмаиловдун иши сотко өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облусунун прокурору Айбек Турганбаев билдирди. Анын айтымында, Исмаилов жана аны менен бирге айыпталып жаткан эки адамдын ишин Кара-Суу райондук соту карайт.

Махамадсоли Исмаилов 2010-жылдагы июнь апааты учурунда жоголгон Анвар Махмудовду уурдоого шектүү катары ушул жылдын 31-мартында кармалган болчу. Аны менен кошо дагы эки адам жоголгон кишинин зайыбынын арызы менен камакка алынган. Эки күндөн кийин Исмаилов үй камагына бошотулган. Ал эми аны менен чогуу камакка алынган эки адам убактылуу кармоочу жайда.

Махамадсоли Исмаилов Ошто өзбек тилинде чыкчу облустук “Уш садоси” гезитинин башкы редактору болуп иштейт. (SE)

XS
SM
MD
LG