Адвокат Назгүл Сүйүнбаева «белгисиз кишилер тарабынан уурдалды» деп айткан Эрнист Казаков табылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Сүйүнбаева өзү билдирди. Облустун прокурору Айбек Турганбаев да бул маалыматты тастыктады.
Адвокаттын айтымында, Казаковдун дареги кечээ кечки саат 8ден өткөндө маалым болгон.
«Аны облустук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери сурак үчүн алып кеткен экен, кечке маал бошотушту. Азыр Өзгөндө. Үстүнөн козголгон кылмыш боюнча сотко катышууда »,- деди Сүйүнбаева.
Облустук Ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, Казаков кылмышка шектүү катары издөөдө жүргөндүгү үчүн кармалган. Азыр иши сотто каралууда.
Кечээ Назгүл Сүйүнбаева Эрнист Казаковду Жаза аткаруу мекемесине каттоодон өткөрүү үчүн алып барган кезде белгисиз бирөөлөр алып кеткенин, адвокаттын өзүнө кол көтөрүшкөнүн айткан. Адвокат алардын милиция кызматкерлери экенин билдирип, прокуратурага арызданган.
Бул иш боюнча Ош облустук прокуратурасы иликтөө жүргүзүп жатат.
Эрнист Казаков 7 ай мурун Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси ("зордуктоо") менен айыпталып, сотто күнөөсү далилденген эмес. Бейбаштык боюнча айыпталып, камалган. Убактысынан мурда камактан чыгып, ай сайын Жаза аткаруу мекемесине келип, каттоодон өтүп турат. Милициядан кабарлашкандай, кечээ ал дагы башка бир кылмышка шектүү катары кармалган. (SE)