Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:39

Өкмөттүн ишине парламент күзүндө баа берет


Бул тууралуу ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн парламенттин 2012-2013-жылкы ишмердүүлүгү тууралуу отчет берип жатып билдирди. Анын айтуусунда өкмөт жаман иштеген жок, ошентсе да коалиция ыдырап, өкмөттүн тарашына кызыкдар болгон күчтөр бар. Спикер азыр иштеп жаткан өкмөттүн оор убакта келгенин эске алууну сунуштады.

Асылбек Жээнбеков “Кумтөр” алтын кенине байланыштуу маселеге да парламент күзүндө чекит коерун убада кылды. Спикер эгер кыргыз өкмөтү сунуштаган келишимге канадалык ишкана макул болбосо, анда кенди иштетүү боюнча мурда түзүлгөн келишим жокко чыгарылат деп билдирип, бирок андан көрө элдин кызыкчылыгы үчүн келишимге жетишүү жакшы болот деген пикирин айтты.
Жогорку Кеңеш 1-июлдан тартып, каникулга тарады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG