Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:27

Орусия: прокурор Алексей Навальныйды алты жыл абакка кесүүнү сурады


Кировдун Ленин райондук сотунда прокурор оппозициялык активист Алексей Навальныйды "Кировлес" ишканасын уурдап-тоноого катышкан деген айып менен алты жыл түрмөгө кесүүнү соттон суранды. Дагы бир айыпталуучу Петр Офицеровду беш жыл абакка кесүүнү сурады. Мындан сырткары эки айыпталуучунун ар бири бир миллион рублдан келтирилген чыгымды төлөп берүүсү керек.

Тергөө материалдарында Навальный Киров областынын губернаторунун жардамчысы болуп иштеп жүргөндө "Кировлес” ишканасынын жетекчилери менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, токойду уурдаган деген кине коюлат. Мамлекетке келтирилген чыгым 16 миллион рубль деп бааланган.

Оппозициялык активист өзүнө тагылган айыптарды саясий куугунтук катары баалайт.

XS
SM
MD
LG