Мамлекеттик телеканал Каирде бийликтен кулатылган президент Мухаммад Мурсинин тарапкерлери менен ага каршы болгондордун кагылышында 17 адам өлгөнүн кабарлады. Кийинчерээк бийликтер Александриядагы кагылыштарда 12 адам көз жумганын айтышты.
Кечээ “Мусулман агайындар” кыймылынын он миңдеген колдоочулары демонстрацияга чыгып, Мухаммад Мурсиге президенттик укуктарынын кайтарылышын талап кылышты.
Ал арада өлкөнүн Ички иштер министрлиги “элди зомбулукка үгүттөгөн” деген айып менен “Мусулман агайындардын” башчысынын орун басары Хайрат аш-Шатердин камалганын билдирди.
Ушул аптанын шаршембисинде өлкөдө аскерий жетекчилик президент Мурсини бийликтен кетиргенин жарыялаган. Мамлекеттин утурумдук президенти катары Конституциялык соттун төрагасы Адли Мансур эртеси күнү ант берди.