Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Бишкекте борбор азиялык мода жумалыгы өтүүдө


Эки күндөн бери Бишкекте “Күз-кыш: 2013-2014” аталышындагы борбор азиялык мода жумалыгы өтүп жатат. Орусиядан, Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан жана Түркмөнстандан келген дизайнерлердин эмгектери сынактан сырткары көрсөтүлүүдө. Ал эми жергиликтүү модельер-дизайнер, фотограф жана ушул багытта иштегендердин арасында сынак өтүп жатат. Алар “Заманбап этника”, “Светтик раут” жана “Чоң шаардын стили” деген багыттар боюнча ат салышып жатышат. Сынак эртең жыйынтыкталат.

Жеңүүчүлөр эмгектерин АКШда жана Францияда күзүндө өтө турган мода жумалыгында көрсөтүүгө жолдомо алат. (AKu)

XS
SM
MD
LG