Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Мухаммед ал-Барадей расмий түрдө өкмөт башчылыкка дайындала элек


Соңку айларда ал-Барадей оппозицияда болуп келген
Соңку айларда ал-Барадей оппозицияда болуп келген
Муну Египетте президенттин өкүлү кабарлады. Бир аз мурдараак таркатылган кабарларда Бириккен улуттар уюмунун Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭни) буга чейин жетектеген Мухаммед ал-Барадей бул өлкөдө премьер-министр деп жарыяланганы айтылган болчу.

Президенттин расмий өкүлү айткандай, кечээ утурумдук президент Адли Мансур ал-Барадей менен жолугуп сүйлөшкөн, бирок аны өкмөттүн башчысы катары дайындай элек. Ошол эле маалда, расмий өкүл азыр премьерликке чынында Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты ал-Барадейдин гана талапкерлиги “туура тандоо болмок” деп кошумчалады.

Азыр анын талапкерлигине өлкөдөгү экинчи ири исламчыл кыймыл - “”Нур” партиясы – каршы болууда. Алар “непада ал-Барадей премьер болуп калса, партия аскерий жетекчиликти колдобой тургандыгын” эскертишти.

Ушул аптанын шаршембисинде Египетте аскерий жетекчилик президент Мухаммед Мурсини бийликтен кулаткан.

XS
SM
MD
LG