Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:41

Египет: премьер-министрликке Зияд Баха ад-Дин келиши мүмкүн


Египетте адвокат Зияд Баха ад-Дин убактылуу премьер-министр болушу мүмкүн. Бул тууралуу утурумдук президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Ал эми Нобел сыйлыгынын ээси, МАГАТЭнин мурдагы башчысы Мухаммед ал-Барадей утурумдук вице-президенттикке дайындалаары күтүлүүдө. Барадейге алгач убактылуу аскерий өкмөттү башкаруу сунушталган. Бирок өлкөдөгү ири партиялардын бири исламчыл “Нур” партиясы буга каршылык билдирип чыккан. 48 жаштагы социал-демократ Зияд Баха ад-Дин узак жылдар Батышта эмгектенген адвокат экени айтылууда. Ал азырынча убактылуу өкмөттү башкаруу боюнча сунушка жооп бере элек.

Египеттин аскерий жетекчилиги президент Мухаммед Мурсини өткөн аптада бийликтен кетирген. Анын жүйөсүн армия “Мурси элдин талабын аткарбады” деп түшүндүргөн. Жекшембиде өлкөнүн бир нече аймагында он миңдеген Мурсинин тарапкерлери менен каршылаштары көчөгө чыгышты. Анда Мурсини колдогон “Мусулман агайындар” кыймылы аны президенттикке алып келүүнү талап кылып жатат.

XS
SM
MD
LG