Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Түркия: Гезидеги демонстранттар кууп таратылды


Түркиядагы Стамбул шаарынын полициясы Гези сейилбагында демонстрация өткөрүүгө аракеттенгендерге каршы көздөн жаш агызчу газ жана суу бүрккүчтөрдү колдонду. Июнда бул паркта бир нече күнгө созулган өкмөткө каршы акциялар өткөн болчу. Ошол акциялардан бери үч аптага жакын жабык турган сейилбак кечээ ачылган. Аны ачылышында Стамбулдун мэри Хусейн Авни Мутлу полиция бул аймакта кандай гана мыйзамсыз акция болбосун кууп таратаарын эскерткен. Буга карабай бир нече активист Гези паркында өкмөткө каршы жүрүштү жасоого аракет кылганда, полиция аларды дароо кууп таратты.

Май айында бул сейилбактын ордуна ири дүкөн курууну каалаган өкмөттүн планынан улам бир нече жумага созулган ири нааразылык акциясына айланган. Июндун ортосунда түрк бийликтери мындай акцияларды басуу үчүн бир катар катаал чараларды колдонуу чечимин кабыл алган. Мындай чечим эл аралык коомчулуктун сынына кабылган.

XS
SM
MD
LG