Дүйшөмбүдө Орусиядагы Красноярск ГЭСинде газ балону жарылып, андан эки адам каза болду. Аталган аймактын милициясынын кабарлашынча, жарылуу ГЭСте оңдоо иштерин жүргүзүп жатканда болгон. Бул жарылуу өлкөдөгү эң ири ГЭСтин ишине таасирин тийгизген жок. Учурда жарылуунун себептери аныкталып жатат.