Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Токиодо “Фукусиманын” мурдагы директору каза болду


Бүгүн Токиодо 58 жашында “Фукусима” АЭСинин директору Масао Йошида каза тапты. АЭС - TEPCO оператор компаниясынын өкүлү Йошидо кызыл өңгөчтөгү рактан көз жумганын маалымдады.

Масао Йошида 2011-жылдын 11-мартында АЭСте авария учурунда ошол жерде болгон. Ал маалда Жапонияда каттуу жер титирөөдөн кийин цунами болуп, “Фукусима” ири аварияга учураган.

Масао Йошида алты ай бою авариянын кесепеттерин жок кылуу боюнча иш алып барган. Бирок ТЕРСО компаниясынын өкүлү Йошиданын өлүмү радиациялык нурданууга байланышы жок экенин айтууда. (AiK)

XS
SM
MD
LG