Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүү өтөт


Бүгүн Тажикстандын Кожент шаарында кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын жолугушуусу башталат. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн чек ара аймактарын өнүктүрүү жана чек араны тактоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров кабарлады. Анын айтымында, жолугушууда кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактар боюнча маселелер каралат. Алардын катарында Баткендеги Ворух анклавын айланып өтчү Ак-Сай-Тамдык , Максак-Кулунду жолунун курулушун жандандыруу жана 30 жылга жакын убакыттан бери Тажикстан пайдаланып келген Катта-Сай аймагындагы мунай кенин Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр өтөөрү күтүлүүдө. Кожентке Кыргызстандын делегациясын вице-премьер-министр Токон Мамытов баштап барат. (BkA)

XS
SM
MD
LG