Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Кыйноо кесепети мамлекетти доого жыкты


Кыйноодон улам ден соолугу начарлаган жана каза болгон эки адамдын туугандары мамлекеттен 60 миллион сомго жакын акча талап кылууда.

Малдыбай Асаналиев 32 жаштагы уулу төрт жарым жылга бурмаланган иш боюнча мыйзамсыз кесилген деп Ички иштер министрлигинен, Башкы прокуратурадан жана Каржы министрлигинен 52 миллион сом доолап жатат. Эки жыл мурун анын баласын Жогорку Сот толук актаган.

"Уулумду милиция кызматкерлери кыйноого алып, шарты жаман түрмөдө кармап, саламаттыгына доо кеткендиктен, мамлекет материалдык жана моралдык чыгымды актап бериши керек", - дейт Асаналиев.

- Баламды ак жеринен каралап, бир күндүн ичинде Ошто иштеген жеринен Бишкектин Свердлов райондук Ички иштер бөлүмүнө алып келип тогуз күн кыйнашкан. Кыйноолор боюнча факттын баары ишке тиркелген. Милиция кызматкерлери уулумду кантип кыйнаганын айтып отурсам төбө чачыңыз тик турат. Балам ошонун айынан оорукчан болуп калды. Ички органдарында соо жери калган жок, бир кулагы укпайт, чачы жыдып түшүп калган. Милиционерлердин бирөө да жоопко тартылган жок. Бирөөнү сотко алып келип, акча менен куткарып алышкан.

Малдыбай Асаналиевдин доосу Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. Алгачкы териштирүү 1-августка дайындалган. Аталган сотто ушул сыяктуу иш боюнча алты миллион сомдук арыз каралууда.

"2004-жылы Базар-Коргондун убактылуу кармоочу жайында милиционерлердин колунан каза болгон жарандын туугандарына Кыргыз мамлекети 100 миң евро компенсация төлөп бериш керек" деп 2011-жылдын июль айында Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитети чечим чыгарган.

“Бирок өкмөт "акча жок" деп баш тарткан. Ошон үчүн кыйноодон каза тапкан маркумдун эжеси Кайдахан Жумабаева сотко кайрылды”, - дейт анын адвокаты Таир Асанов.

- Комитет Ташкенбай Мойдуновду милиция кызматкерлери өлтүргөн, тергөө жакшы болгон эмес, жооптуу адамдарды жоопко тарткыла, андан сырткары маркумдун тууганына компенсация төлөп бергиле деп чечим чыгарган. Ошону бийликтегилер көңүлгө албай жатат.

Бул иш боюнча бир милиция кызматкери 30 миң сом төлөп эле кутулган, экинчи айыпталган милиционер Кыргызстандан качып кеткен.

100 миң евролук арыз боюнча Каржы министрлиги маалыматы жок экенин билдирди. Ал эми 52 миллион сомдук доомат боюнча иш менен Ички иштер министрлиги жаңы таанышып жатканын кабарлады.

ИИМдин басма сөз кызмат жетекчиси Жоробай Абдраимов:

- Мындай доо-арыздар көбөйө берсе, бул ички иштер органдарын тескерисинче алсыратат деп ойлойм. Себеби бул бир гана ИИМге эле байланыштуу эмес, бүтүндөй укук коргоо системасын реформалаш керек. Азыркы кезде канчалаган мыйзамдарыбыз иштебей жатат. Мыйзамдардын иштебегенинен, тилекке каршы, биринчи иретте атуулдарыбыз минтип жабыр тартып жатат. Алар болсо албетте, сот аркылуу акыйкат тапкысы келүүдө.

Ошол эле учурда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы милиция кызматкерлери жасады деген бир да кыйноо фактысы сотто далилденбегенин белгилей кетти.

"Милиция кызматкерлеринин жазасыз калышы эми жарандарды укук коргоо системасын акчалай доого жыгууга түртүп жатат", - дейт жарандык лидер Төлөкан Исмаилова. "Өкмөт укук коргоо системасындагы каталары үчүн чөнтөгү кагыла баштаганда гана аны реформалоого арга жоктон барат",- деди Исмаилова.

- Өкүнүчтүүсү, система бул маселелерге көңүл бурбай, адам укуктарын коргоого шайкеш келбеген иш жүргүзүп атат. Милиция кызматкерлери жана тергөөчүлөр Совет доорунан калган ыкмалар менен иштеп, коррупцияга малынып, жарандарды кыйнап, күнөөсүз адамдарды жасалма иштер менен түрмөгө тыгып атат.

Укук коргоочунун божомолунда тартип коргоо органдарынын колунан жабыр тарткан жарандардын мындай ири суммадагы доолору бара-бара өсө берчүдөй.
Башкы прокуратурага убактылуу кармоочу жайлардагы жана тергөө абактардагы кыйноолорго 2011-жылы 166 жаран, ал эми 2012-жылы 304 жаран кайрылган. Ал эми укук коргоочулар бул сан алда канча көп экенин айтып жүрүшөт.
XS
SM
MD
LG