Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

АКШ жана Кыргызстан аскерлеринин машыгуусу аяктайт


Бүгүн Токмоктогу 52806-аскер бөлүгүнүн базасында АКШнын борбордук куралдуу күчтөрүнүн жана кыргызстандык атайын кызматтын аскерлеринин машыгуусу жыйынтыкталат. Бул биргелешкен окуу-машыгуунун алкагында аскерлер тоого, аскага чыгуу, тоолордон жарадарларды эвакуациялоо, суу ташкынынан өтүү, ошондой эле ар түрдүү куралдан ок атууга үйрөнүштү. Мындан тышкары алар имараттын ичинде күрөшүүнү, барымтага алынгандарды бошотуу жана ар кандай кырдаалда жаракат алгандарга алгачкы жардам берүүнүн сырларын өздөштүрүштү. Өткөн аптада башталган биргелешкен окуу-машыгууга АКШ тараптан тогуз, Кыргызстандан 40тан ашык атайын даярдыктагы аскерлер катышты.(BkA)

XS
SM
MD
LG