Жалал-Абаддын Аксы районуна караштуу Ак-Жар айылында төрт короо селден жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, 11-июлда Ак-Жар сел өткөрүүчү каналынан суу сыртка ашып кеткен. Төрт үйдүн кошумча курулуштарын жана короолорун суу каптаган. Учурда ал жерде райондук жарандык коргонуу кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүп жатат. (RK)