Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:32

ТИМ: "Манастагы" Транзиттик борбор 2014-жылдын 11-июлунда жабылат


"Манас" аба майданындагы Транзиттик жүк ташуу борбору 2014-жылдын 11-июлунда жабылат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Эринес Оторбаев билдирди. Анын айтымында, Бишкекте АКШдан келген атайын делегация менен жолугушуулар өттү. Базаны чыгаруу мөөнөтү, шарттары такталды.

АКШ элчилиги бүгүн билдирүү таратып Транзиттик борбор боюнча сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Бишкекке элчи Эрик Жон жетектеген америка өкмөтүнүн делегациясы келип кеткенин кабарлаган. Кыргызстандын Ооганстандагы эл аралык коалицияга колдоо көрсөтүп жатканын АКШ жогору баалай турганын билдирген.

“Манастагы” Транзит борбор жөнүндөгү кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга 2009-жылы кол коюлган. Ижара мөөнөтү 2014-жылдын соңунда аяктайт делген. Бирок быйыл 26-июнда Кыргызстан аны бир тараптуу денонсациялады. Эми Транзит борбор 2014-жылдын декабрында эмес, андан жарым жыл эрте чыгарылышы керек.

Транзит борбор аркылуу НАТОнун Ооганстандагы антитеррордук операциясына катышкан учактар тейленет. "Манас" аба майданын ижарага алганы үчүн АКШ өкмөтү Кыргызстанга жылына 60 миллион доллар төлөйт. (BuS/RK)

XS
SM
MD
LG