Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:08

Мурсичилер жана оппозиция демонстрацияга даярданууда


Египетте Мухаммед Мурсинин колдоочулары жана каршылаштары Каирде жана башка шаарларда демонстрация өткөргөнү жатышат. “Мусулман агайындардын” лидери Сафуат Хегази бүгүн Каирдин Раба Адавия майданында сүйлөп: "Кимде ким төңкөрүштү жасагандар менен кызматташса, ал революциянын чыккынчысы. Биз өкмөттү тааныбайбыз. Азыркы өкмөткө киргенге макул болгон ар кандай партия төңкөрүштү жана диктаторлордун партиясын колдойт. Андай саясый партиянын мүчөлөрү революционерлер эмес, саткындар", - деп жар салды.

“Мусулман агайындар” өз тарапкерлерин Мурси президенттик орунга отургузулмайынча митингдерди токтотпоого үндөөдө.

Армия 3-июлда Мурсини бийликтен оодаргандан кийин дайындалган убактылуу премьер-министр Хазем ал-Беблави жаңы өкмөттү түзүү жекшемби-дүйшөмбү күндөрү улантыларын жана келерки аптада министрлер ант берип калышы мүмкүн экенин айтты.

XS
SM
MD
LG