Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:30

Кошумча жолду курууга каражат изделүүдө


Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирген кошумча жолду салуу үчүн өкмөт Кытайдын Экспорт-импорттук банкынан 400 миллион доллар каражат сурады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты. Учурда Кытай тарап бул өтүнүчтү карап жатат. Министрликтин маалыматына караганда, бул жолду салуу үчүн жалпысынан 850 миллион доллар керектелет. Бул каражатты Евразия өнүктүрүү банкынан алуу пландалып жатат.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда түндүк менен түштүк региондорун бириктирүүчү кошумча жол куруу демилгесин көтөргөн. Ага Бишкек-Ош жолу кар көчкүгө байланыштуу жабылып, элдин каттоосу кыйынчылыкка учурашы түрткү берген. Азырынча бул жолдун курулушу качан башталаары белгисиз. (BkA)

XS
SM
MD
LG