Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Кыргыз-орус тышкы иштер министрлери жолукту


Бүгүн Чолпон-Атада өткөн ШКУнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукту. "Жолугушууда маанилүү эл аралык бир катар маселелер боюнча Кыргызстан менен Орусиянын көз карашы окшош экени жана эки өлкө ортосундагы саясий, маданий, соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары күчөтүүгө кызыкдар экени белгилүү болду" деп кабарлайт Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Бүгүн Чолпон-Атада ШКУнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны өттү. Анда быйыл 13-сентябрда Бишкекте өтө турган ШКУнун өлкө башчыларынын саммитине даярдык менен катар башка да маселелер талкууланды.(BkA)

XS
SM
MD
LG