Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

АКШ Мурсини бошотууга чакырды


Кошмо Штаттары Египеттин аскер бийлигин кулатылган президент Мохамед Мурсини бошотууга чакырды. Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Жен Псаки «АКШ Германиянын Мурсини бошотуу талабына кошулаарын» билдирди.

3-июлда кулатылгандан бери исламчылар колдогон Мурси эл алдына чыга элек. Бийликтер ал Каирдеги Республикачыл гвардиянын имаратында кармалып тургандыгын билдирүүдө.

Мурсинин он миңдеген колдоочулары 12-июлда аны бошотууну талап кылышты. Мурсини колдогон "Мусулман агайындар" генералдарга таянган убактылуу өкмөттүн ишине катышуудан баш тартууда.

 

XS
SM
MD
LG