Багдадда мечиттердеги жардыруудан 20дан ашык кишинин каны төгүлдү. Ирактын баш калаасынын Дура районундагы суни мусулмандарынын Халид бин ал-Валид мечитиндеги кол салууда кечээ кечинде аз дегенде 16 кишинин сөөгү сөпөт болду. Ирак бийликтери билдиргендей, бомба ыйык орозо айынын мезгилиндеги кечки намаздан кийин жарылды. Мындан көп өтпөй, шаардын батышындагы Хвеш молдо мечитиндеги экинчи жардыруу дагы беш кишинин өмүрүн алды. Ким жоопкер экендиги аныктала элек. Жума күнү түндүктөгү Киркук шаарында жанкечтинин кол салуусунан 40 чакты киши набыт болгон эле. Апрел айынан бери Иракта кол салуулардын курмандыктарынын саны 2600дөн ашты.