Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:06

Барак Обама мекендештерин сабырдуулукка үндөдү


АКШ президенти кара түстүү өспүрүмдү өлтүрдү деп айыпталган кишинин акталышы боюнча нааразылык билдирип чыккан мекендештерин сот чечимине бейкапар мамиле кылууга чакырды. Жекшемби күнкү кат түрүндөгү кайрылуусунда президент 17 жаштагы Мартиндин өлүмү Америка үчүн трагедия болгонун, бирок соттор өз чечимин чыгарганын билдирди.

Ишемби күнү шайланма сот куралсыз, кара түстүү өспүрүмдү атып өлтүргөн теги испан Жорж Циммерманды актаган чечим чыгарган. Бул чечимге нааразы болгондор АКШнын бир катар шаарларында митингге чыгышты. Циммермандын жактоочулары ал өспүрүмдү өз өмүрүн коргоо аргасында өлтүргөнүн билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG